Өкүлчүлүктүн тарыхы

Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызматтарды көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыгы менен АКШнын Чикаго шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу түзүлгөн.

Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштады:

100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610.

Телефон: 312 994 2416

Ишеним телефону: 312 929 3442

Email: kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg

Башкы консулдуктун консулдук округуна АКШнын төмөнкү 31 штаты кирет: Айдахо, Айова, Аризона, Арканзас, Вайоминг, Вашингтон, Висконсин, Гавайи, Иллинойс, Индиана, Калифорния, Канзас, Кентукки, Колорадо, Луизиана, Миннесота, Миссисипи, Миссури, Мичиган, Монтана, Небраска, Невада, Нью-Мексико, Огайо, Оклахома, Орегон, Түндүк Дакота, Теннесси, Техас, Түштүк Дакота, Юта.