Дипломатиялык миссиянын башчысы
Кыргыз Республикасынын
Чикаго шаарындагы Башкы консулу
Борбиев Болотбек Ибраимовичтин өмүр баяны
Туулган күнү: 24-апрель, 1967-жыл
Билими:
- Фрунзе политехникалык институту (1991);
- Кыргыз мамлекеттик улуттук университети (1996);
- «Саясий менеджмент» багыты боюнча Кыргыз
Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы. Магистр (2012);
- Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Башкаруу академиясы. Юридика илимдеринин кандидаты (2013).
Эмгек ишмердүүлүгү:
- 1991-жылдан 2008-жылга чейин - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында ар кандай кызматтарда кызмат өтөгөн;
- 2008-жылдан 2009-жылга чейин - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын директору;
- 2009-жылдан 2010-жылга чейин - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы;
- 2010-2011-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
- 2022-жылы - Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу.