Нотариалдык иш-аракеттер

Нотариалдык иш-аракеттер арыз ээсинин жеке катышуусунда жана төмөнкү документтерди берүү менен жүргүзүлөт:

1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (жалпы жарандык паспорт же ID карта).

2. Ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү.

Документтин түрүнө жараша төмөнкүлөр берилет:

- жашы жете элек баланы чет өлкөдө коштоп жүргөн учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү жана баланын жалпы паспортунун көчүрмөсү;

- кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү башкарууга укуктарды ишенип тапшырган учурда - укук белгилөөчү документтин көчүрмөсү (каттоо күбөлүгү, үйдүн реестри, транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү, сатып алуу-сатуу келишими ж.б.).

Өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери нотариалдык иш-аракеттерин тариздөөнү жана арыздарды күбөлөндүрүү боюнча ишеним каттарды жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасында атынан укуктуу.  

Консул төмөнкүдөй нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырат:

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимдерден башка бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт;

- мураска калтырылган мүлктү коргоого карата чараларды көрөт;

- мураскордукка укугу тууралуу күбөлүктөрдү берет;

- жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу тууралуу күбөлүктү берет;

- документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардын үзүндүлөрүнүн аныктыгын күбөлөндүрөт;

- документтерге коюлган колдун аныктыгын күбөлөндүрөт;

- документтердин бир тилден башка тилге которулушунун тууралыгын күбөлөндүрөт;

- жарандын тирүү болуу фактысын күбөлөндүрөт;

- жарандын белгилүү бир жерде болуу фактысын күбөлөндүрөт;

- жарандын фотосүрөт менен окшоштугун күбөлөндүрөт;

- документтерин көрсөткөн убактысын күбөлөндүрөт;

- акча суммаларын жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алат;

- аткаруу жазууларын жүзөгө ашырат;

- документтерди сактоого кабыл алат;

- далилдөөлөрдү камсыз кылат;

- деңиз протесттерин жасайт.

Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары жасай турган башка нотариалдык иш-аракеттер да каралышы мүмкүн.