Өлкө тууралуу маалымат

АКШ - мамлекетинин аянты боюнча дүйнөдө 4-орунду, ал эми калкынын саны боюнча 3-орунду ээлейт. Түндүгүнөн Канада, түштүгүнөн Мексика менен чектешет, ошондой эле Россия менен деңиз чек арасына ээ.

АКШ түзүлүүнүн федеративдик формасына, ошондой эле административдик жактан 50 штатка жана Колумбия федералдык округуна ээ; алардын карамагында бир нече арал аймактары да бар (Пуэрто-Рико, Виргин аралдары, Гуам ж.б.). Борбору - Вашингтон шаары, Колумбия округу.

АКШ - президенттик республика. Ошону менен бирге, Кошмо Штаттарында эки партиялуу система түзүлгөн, бийликтеги эки партия бири-бирин алмаштырып турат: 1828-жылы түзүлгөн Демократиялык, жана 1854-жылы түзүлгөн Республикалык.

Мамлекет жана Өкмөт башчысынын функцияларын, аткаруучу бийликке толук ээ болгон жана бир мезгилде куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы жана өзүнүн партиясынын лидери болуп саналган, Президент ишке ашырат. Президент Вице-президент менен бир мезгилде, 4 жылга шайланат (бирок 2 мөөнөттөн ашык эмес) 2021-жылдын 20-январынан тартып Президенттин кызмат ордун Джо Байден, ал эми Вице-президент кызматын Камала Харрис (демократтар) ээлейт.

Өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруу органы - АКШнын Конгресси. Эки палатадан турат: Сенат (100 орун) жана Өкүлдөр палатасы (435 орун). АКШнын Өкүлдөр палатасынын Спикери - Нэнси Пелоси. Сенатты АКШнын Вице-президенти К.Харрис жетектейт.

Соттук системанын жогорку органы болуп конституциялык көзөмөл жана мыйзамды чечмелөө укугуна ээ, АКШнын Жогорку соту эсептелет. Президент тарабынан өмүр бою шайланып, Сенат тарабынан бекитилген 9 мүчөдөн турат.

Экономикалык планда Кошмо Штаттары - өнүккөн өлкө, экономикасы ИДПнын көлөмү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Өлкөнүн экономикасы дүйнөлүк ИДПнын төрттөн бирине жакынын түзөт жана глобалдуу аскер чыгымдарынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1991-жылдын 27-декабрында орнотулган. АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган биринчи өлкөлөрдүн катарында болгон. Кыргызстандын АКШдагы Элчилиги 1992-жылы ачылган. Ушул эле жылы АКШнын Кыргызстанда Элчилигинин ачылышы болгон. Ал Кыргыз Республикасындагы жана Борбордук Азиядагы алгачкы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн бири болгон.