Пайдалуу маалымат

Жалпы жарандык паспортту алмаштыруу үчүн сөзсүз түрдө консулдук каттоого туруу зарылбы?

Ооба, консулдук иш аракеттердин бардык түрлөрүн аткарыш үчүн (паспорт алмаштыруу, ЗАГС боюнча суроо талаптар, нотариалдык иш аракеттер ж.б.у.с.) Сиз сөзсүз түрдө консулдук каттоого турушуңуз керек. 

Паспорттун мөөнөтүн узартууга мүмкүнбү?

Жок. Сиз паспортту алмаштыруу боюнча гана документтериңизди тапшыра аласыз.

Документтерди кайсы почта кызматы менен жөнөтсө болот?

Башкы консулдуктун дарегине жөнөтө турган документтериңизди Сиз каалаган, ишенимдүү деп эсептеген почта кызматтарын тандап жөнөтсөңүз болот. Эскертчү нерсе, конверттер сөзсүз түрдө трэкинг номери (tracking number) менен болушу керек. Себеби документтериңиздин кайсы жерде бара жатканын текшерип турасыз. Бул Fedex, USPS же UPS болушу мүмкүн.

Ишеним катын алуу үчүн сөзсүз түрдө Башкы консулдукка келүү зарылбы?

Ооба, сөзсүз түрдө келүү зарыл. Ишеним кагазын мыйзамдаштыруу нотариалдык иш аракеттер болгондуктан арыз берүүчүнүн өзүнүн катышуусу, кол коюсу талап кылынат. Мисалы, мүлктү өткөрүү же мураскерлик укугун өткөрүп берүү жана башка ушул сыяктуу учурларда ар кандай ишеним кагаздарын алууга кызыкдар адамдын өзүнүн катышуусу абзел.
 

Ишеним кат жаздырып алуу үчүн эмне кылуу зарыл?

Консул менен мурдатан кабыл алуу күнүн жана убактысын макулдашып, элчиликке келишиңиз шарт. Ишеним кат алуу үчүн Консулдук каттоого турушуңуз керек. Ошондой эле, жаныңызга төмөнкү документтерди алышыңыз керек:

  • Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту.
  • Жана башка керектүү документтер (мисалы, эгер Сиз белгилүү бирөөгө квартираңызды сатууга ишеним көргөзсөңүз, Сиздин атыңыз жазылган үйдүн техникалык паспорту же белек кылуу/сатуу келишими).
  • Ишеним көргөзүлүп жаткан кишинин паспортунун көчүрмөсү.

Документтерди жоготуп алган учурда эмне кылыш керек?

Эгер Кыргыз Республикасынын жараны жалпы жарандык паспортун АКШга келгенде жоготуп алса, Башкы консулдукка сөзсүз кайрылып Кыргыз Республикасына кайтып кетүү күбөлүгүн алуусу зарыл.
Мындай учурларга кабылбаш үчүн АКШга келгенде баардык документтерди ишенимдүү жерде сактоого кеңеш берет элек. Мындан тышкары маанилүү документтердин көчүрмөлөрүн чыгарып алуу (паспорт, ID карта, аскердик билет, айдоочулук күбөлүк ж.б.) Кыргыз Республикасына кайтып кетүү күбөлүгүн алуу процессин тездетишине шарт түзөт.

Бир эле мезгилде консулдук каттоого турууга жана паспортту алмаштырууга арыз берсе болобу?

Ооба, болот. 

Мен паспортумду алмаштырышым керек, бирок мен консулдук каттоодо турбаймын. Бул учурда мен эмне кылышым керек?

Сиз бир эле учурда консулдук каттоого турууга жана паспортуңузду алмаштырууга документтерди тапшырсаңыз болот.