Саясий кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1991-жылдын 27-декабрында түзүлгөн. АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган алгачкы өлкөлөрдүн бири.

Кыргызстандын АКШдагы Элчилиги  1992-жылы ачылган. Ушул эле жылы АКШнын Кыргызстандагы Элчилиги ачылган. Ал Кыргыз Республикасындагы жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү алгачкы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн бири болуп калган.

Кыргызстан көз карандысыздыкка жетишкенден тартып, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы достук, өз ара сыйлоо жана эки тараптуу мамиле саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө мындан да тыгыз байланышты илтерилетүүгө аракеттенүү маанайында өнүгүүдө.

2015-жылдагы эркин жана калыс парламенттик шайлоолорду  жана 2017-жылдагы президенттик шайлоолорду өткөрүүдөгү кармануусун кубаттоо менен, АКШ демократияны илгерилетүүдөгү Кыргызстандын лидерлигин жогору бааалайт.

Кыргызстан менен АКШ БУУ, ЕККУ, С5+1, ТИФА, ДСУ жана башка ушу сыяктуу ар тараптуу аянттардын алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө күч-аракетин жумшайт.

Парламенттер аралык кызматаштык бөлүгүндө, 2014-жылдан тартып АКШ Конгрессинин «Ачык дүйнө» программасы, 2012-жылдан тартып - «Демократия үчүн өнөктөштүк» Комиссиясы, АКШнын өкүлдөр палатасы менен, ошондой эле тараптардын мыйзам чыгаруу органдарынын профилдүү коммитеттеринин байланыштарынын деңгээлинде  кызматташтыкты ишке ашыруу уланууда.