Кызмат

1. Паспорт маселелери

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНЫНЫН ЖАЛПЫ ЖАРАНДЫК ПАСПОРТУ

Чет өлкөдөгү мекемелерде жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:

- АМС аркылуу чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан толтурулуучу анкета-арыз;

- Жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү ырастаган квитанция.

Жогоруда аталган документтерге кошумча катары төмөнкүдөй документтер берилет:

1) 16 жашка чыга элек адамдын ата-энесинин бири же башка мыйзамдуу өкүлү кайрылган учурда:

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндө) - КБМРде маалыматтар болбогондо;

- 16 жаш куракка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (экинчиси жок болсо) же башка мыйзамдуу өкүлүнүн жалпы жарандык паспорт алуу жөнүндө өтүнүчү;

- 16 жашка чыга элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (экинчиси жок болгон учурда) же башка мыйзамдуу өкүлүнүн жалпы жарандык паспорт алуу жөнүндө арызы. Эгерде ата-энеси же ата-энесинин бири мындай өтүнүчтү бере албаса же документтерди тариздөө учурунда катыша албаса, алардын жалпы паспорт алууга нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет. Ата-энесинин өтүнүчү жок болгон учурда жалпы жарандык паспорт соттун чечиминин негизинде берилет;

2) 16 жашка чыккан адам кайрылганда:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

3) жалпы жарандык паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:

а) визалык белгилер үчүн беттери бүткөнүнө байланыштуу, колдонуу мөөнөтү аяктаганда:

- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;

б) жеке маалыматтар өзгөргөндүгүнө байланыштуу же жалпы жарандык паспортко туура эмес жазуулардын киргизилгендиги аныкталса:

- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;

4) арыз ээсинин каалоосу менен же визалык беттери бүткөнүнө жана мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасынын болгондугуна байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда:

- жалпы жарандык паспорт;

5) жалпы жарандык паспорт жоголгондо:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын  паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк.

 

Жалпы жарандык паспорту тариздөө үчүн төлөм 30 АКШ долларын түзөт.Төлөм Малайзиянын Борбордук банкынын төлөм күнүнө карата курсу боюнча ринггитте жүргүзүлөт.

 

2. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА КАЙТЫП КЕЛҮҮГӨ КҮБӨЛҮК

Эгерде Малайзиянын аймагында жана Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилигинин аккредитацияланган өлкөлөрүндө Кыргыз Республикасынын жараны паспортун жоготкон болсо / паспортунун жарактуулук мөөнөтү бүтсө же паспорту жараксыз болуп калса, анда ага Кыргыз Республикасына кайтуу кубөлүгү берилиши мүмкүн.

Ошондой эле күбөлүк паспорту жок 18 жашка чыга элек адамдарга берилиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүгүн алуу үчүн керектүү документтер:

а) Паспорт жоголгон учурда:

- арыз ээсинин ким экендигин идентификациялоого жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын ырастоого мүмкүндүк берүүчү документтер (жоголгон паспортунун көчүрмөсү, Кагазда же "Түндүк" мобилдик тиркемесинин жардамы менен санариптик форматта Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет);

- паспортту жоготуунун бардык жагдайларын жана себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө түшүндүрмө;

б) Паспорт жараксыз болгон учурда:

- жараксыз болгон паспорт (паспорттун фрагменттери);

- арыз ээсинин ким экендигин идентификациялоого жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын ырастоого мүмкүндүк берүүчү документтер (жоголгон паспортунун көчүрмөсү, Кагазда же "Түндүк" мобилдик тиркемесинин жардамы менен санариптик форматта Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет);

в) Паспорттун жарактуулук мөөнөтү бүткөн учурда:

  • колдонуу мөөнөтү бүткөн паспорт.

г) 18 жашка чыга элек арыз ээсине тариздөө учурунда:

- жеке катышуусуз күбөлүктү тариздөөнүн жүйөөлүү себебин көрсөтүү менен ата-энесинин, асырап алуучусунун же камкорчусунун арызы;

- арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

- ата-энесинин, асырап алуучусунун же камкорчусунун паспортторунун көчүрмөсү - Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалыматтар жок болгондо;

- арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү (бар болсо);

- асырап алуучусу же камкорчусу кайрылган учурда - бул арыз ээсине камкорчулук кылуу же аны асырап алуу тууралуу ыйгарым укуктуу органдардын чечими;

- жаран жүргөн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн туулгандыгы тууралуу медициналык маалым кат (бир жашка чейинки балдарга);

Сертификат берүү үчүн төлөм 10 АКШ долларын түзөт.Төлөм Малайзиянын Борбордук банкынын төлөм күнүнө карата курсу боюнча ринггитте жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн алынган күндөн тартып колдонуу мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт.

Күбөлүк Кыргызстанга кайтуу үчүн гана жарактуу.

 

3. МЕКЕН-КАРТ МЕКЕНДЕШТИН СТАТУСУ

Мекен-карт- чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ырастаган мамлекеттик маанидеги документ болуп саналган чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документи.

Бул статус Кыргыз Республикасынын аймагына жөнөкөйлөштүрүлгөн түрдө кирүү, чыгуу, транзиттик жүрүү үчүн төмөнкүлөргө багытталган:

  1. мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн;
  2. алгачкы Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгына карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн;
  3. алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын жаранынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн;
  4. Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн.

Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарына Мекен- карт берилбейт.

Бул документ чет өлкөлүк жарандын жарактуу паспорту болгондо гана жарактуу болуп саналат.

Чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендеш статусун берүү үчүн жалпы тартипте зарыл болгон документтердин тизмеги (60 күндүк кароо):

- АМС аркылуу таризделген өтүнүч;

- чет өлкөлүк жарандын паспорту;

- чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат "(14 жашка толо элек балдардан тышкары);

- Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат (14 жашка толо элек балдардан тышкары) (аймактык бөлүктүн, КТБнын же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жооптуу кызматкери тарабынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук системасы аркылуу ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан суралат);

- Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;

- консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда).

Жогоруда аталган документтерге кошумча катары төмөнкү документтер берилет:

а) мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастоочу документ (Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо талап кылынат);

б) алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- туугандык байланыштарын ырастоочу документтер (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер) жана алардын көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;

- мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ (Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда талап кылынат);

в) алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- туугандык байланыштарын ырастоочу документтер (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер) жана алардын көчүрмөлөрү - Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын (атасынын же энесинин, чоң атасынын же чоң энесинин) паспорту жана анын көчүрмөсү - Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;

г) Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн:

- Кыргыз ССРинин аймагында берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү;

- Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандардын балдары же неберелери үчүн алардын туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу документ).

Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте (30 күндүк кароо):

- АМС аркылуу таризделген өтүнүч;

- чет өлкөлүк жарандын паспорту;

- чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

- Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөгөндүгүн ырастаган квитанция;

- консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда).

Жарактуулугу: Мекен-карт 10 жылга жарактуу.

 

Тарифтер:

 

Консулдук иш-аракеттердин аталышы

Консулдук жыйымдар (АКШ доллар)

1.

КРнын ЖЖП алуу үчүн анкеталарды тариздөө жана маалыматтарды иштеп чыгуу

30

2.

КРнын жарандары үчүн мекенине кайтууга күбөлүк берүү (МКК)

10

3.

КРнын мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтерди легалдаштыруу (ар бир документ үчүн):

 
  1. жеке жактар – Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн

5

  1. жеке жактар – чет мамлекеттин жарандары жана жарандыгы жок адамдар үчүн

50

  1. юридикалык жактар үчүн

100

  1. Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин жарандары чогуу көрсөтүлгөн жеке жактар үчүн ар бир документти легалдаштыруу

20

4.

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө өтүнүчтөрүн кабыл алуу жана тариздөө

510

5.

Баланын жарандыгын тандоо жөнүндө документтерди тариздөө (баланын жарандыгын тандоо жөнүндө ата-энелердин биргелешкен арызын кароо)

10

6.

КРнын жарандыгына таандык экендигин аныктоо:

 
  1. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн

10

  1. чет өлкөлүк жарандар үчүн

50

7.

Никеге турууну каттоо жана никеге туруу жөнүндө күбөлүк берүү

10

8.

Соттон тышкаркы тартипте никенин бузулушун каттоо жана никени бузуу жөнүндө күбөлүк берүү (тараптардын ар биринен)

50

9.

Фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү жөнүндө материалдарды кабыл алуу, каттоо жана тариздөө

10

10.

Туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү

10

11.

КРнын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан жасалуучу нотариалдык аракеттер

10

12.

Автотранспорт каражатын пайдалануу укугуна ишеним кат берүү

10

13.

Кредиттик операцияларды жүргүзүүгө ишеним кат берүү

10

14.

Акча каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды алууга ишеним кат берүү

10

15.

Камкорчулук, мурастоо жана башка мүлктүк иштерди жүргүзүү жана алар менен байланышкан нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү

20

16.

Чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештердин "Мекен карт" документин берүү

40