“Глобалдык бизнес тармагы 2021: Глобалдык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү” онлайн-конференциясы болуп өттү

2181

2021-жылдын 7-8-декабрында Кыргызстан, Малайзия жана Түркиянын ортосунда онлайн форматта малайзиялык HQC Commerce Sdn Bhd компаниясы тарабынан уюштурулган “Глобалдык бизнес тармагы 2021: Глобалдык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү” конференциясы болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилигинин кызматкерлери менен бирге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы Саясий департаменти катышты.

Бул конференциянын негизги максаты 3 өлкөнүн экономикалык потенциалы менен таанышуу жана маалымат алмашуу, ошондой эле мындан аркы кызматташуу үчүн байланыштарды түзүү болду.

Жогорудагы видеоконференцияга Кыргызстандан, Малайзиядан жана Түркиядан 21 компания 6 түрдүү секторлор тармагынан катышышты: халал индустриясы, туризм, тамак-аш өнөр жайы, соода, билим берүү жана айыл чарбасы боюнча.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар ар бир өлкөнүн инвестициялык климаты жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири маалымат беришти. Ар бир тарапдан ар бир тармак боюнча өзүнчө видео жана презентациялар көрсөтүлдү. Катышуучулар ошондой эле сунушталган багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мүмкүн болуучу перспективалары боюнча пикир алышты.

Кыргыз тараптын атынан Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси А.Бекназаров куттуктоо сөзүн сүйлөп, Кыргызстан тууралуу айтып, өлкөнүн инвестиция үчүн эң приоритеттүү тармактарына токтолду.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору Ч.Адамкулова өзүнчө сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасындагы билим берүү системасына токтолуп, Малайзиядан студенттерди Кыргызстандын жогорку окуу жайларына чакырууга кыргыз тараптын кызыкчылыгын белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Халал индустриясын өнүктүрүү борбору, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз өнөр жай жана ишкерлер союзу, Туризм департаменти жана Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы катышты.

Жыйындын соңунда катышуучулар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Өткөрүлгөн видеоконференция тараптар үчүн мындан аркы кызматташууга, маалымат алмашууга, жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK