Кыргыз спортчусунун тарыхый жетишкендиги

487

2022-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Б.Борбиев кыргызстандык спортчу Кекенов Абдылдабекти Калифорния штатынын Лос-Анджелес шаарында 2022-жылдын 7-декабрынан 11-декабрына чейин өткөн Джиу-джитсу IBJJF боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалы менен куттуктады. 

Дүйнө чемпиондугуна дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан 5 миңден ашуун мыкты спортчулар катышты. Кекенов Абдылдабек кыргыз спортунун тарыхында биринчи жолу Джиу-джитсу IBJJF боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалына ээ болду.  

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Б.Борбиев күмүш медалдын ээсин тарыхый сыйлык менен куттуктап, Абдылдабек чыныгы спорттук мүнөздү, жеңишке болгон эрктүүлүгүн, акыркы секунддарга чейин күрөшө билгендигин, ошондой эле кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк жогорку сыйлыктарга татыктуу экенин бүткүл дүйнөгө далилдегенин белгиледи.

          Кекенов Абдылдабек өз кезегинде Башкы консулга куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын өсүп келе жаткан муунун спорт менен катар илим жана билим тармагында чоң ийгиликтерге жетишин айрыкча каалай турганын белгиледи.

Эске салсак, Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштаган:

100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610.

Телефон: 312 994 2416

 312 929 3442 (өзгөчө кырдаалдарда 24/7)

Email: kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK