Башкы консулдуктун 2023-жылдын 02-ноябрындагы маалыматтык билдирүүсү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 689 токтомуна ылайык «2023-жылы эс алуу күндөрүн которуу жөнүндө» 2023-жылдын 4-ноябрынан 2023-жылдын 8-ноябрына чейинки мезгил эс алуу күндөрү болуп белгиленди.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу 2023-жылдын 4-ноябрынан 2023-жылдын 8-ноябрына чейин жарандарды консулдук кабыл алууну жүргүзбөйт.
Ошону менен бирге, Башкы консулдукта кыйын кырдаалга туш болгон мекендештердин суроо-талаптарына ыкчам жооп кайтаруу, консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн төмөнкү байланыш телефону иштейт: +1 312 929 3442.
Башкы консулдукка барууну башка даталарга пландаштырууну өтүнөбүз.