КРнын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу Порт-Изабель чет элдик жарандарды Убактылуу кармоочу борборду зыярат кылды

265

2024-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу Техас штатындагы Порт-Изабел чет өлкөлүк жарандарды Убактылуу кармоочу борборду зыярат кылды. Бул иш сапар аталган борбордо жайгашкан Кыргызстандын жарандарын кармоонун шарттары менен таанышуу жана консулдук колдоо көрсөтүү максатында болду. 

Башкы консулдуктун өкүлдөрү аталган Борбордун өкүлдөрү менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлөрдү жана жарандарды кармоонун шарттарын талкуулашты.

Башкы консул Б.Борбиев Борбордун жетекчилигине ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо кызыкчылыгында диалогду улантууга жана биргелешкен аракеттерге даяр экендигин билдирди.

Маалымат үчүн: “Порт-Изабелдин” убактылуу кармоочу жайы (“Порт Изабел” УКЖ) Техас штатынын Лос-Фреснос шаарында жайгашкан, борбордо АКШ-Мексика чек арасы аркылуу АКШга мыйзамсыз киргендиги үчүн АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматы тарабынан кармалган чет элдик жарандар жайгашкан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK