Кыргыз Республикасынын Чикагодогу Башкы консулдугу АКШнын Калифорния штатынын Иммиграция жана Бажы кызматтарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

304

2024-жылдын 16-февралында КРнын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу АКШнын Калифорния штатынын Иммиграция жана Бажы кызматынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. 

Жолугушуулардын жүрүшүндө Мексика аркылуу Америка Кошмо Штаттарына кирип жаткан мекендештердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланып, Кыргызстандын жарандарынын учурдагы абалы жана көйгөйлөрү тууралуу маалымат алмашылды.

Ошондой эле, Башкы консулдук АКШнын Калифорния штатындагы «U.S. ICE, Otay Mesa Detention Center» чет элдик жарандарын убактылуу кармоочу жайына барды. Иш сапар аталган борбордо жайгашкан чет элдик жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын кармоо шарттары менен таанышуу максатын көздөдү.

Маалымат үчүн: “Отэй Меса” убактылуу кармоочу жай (“Отэй Меса” УКЖ) Калифорния штатынын Сан-Диего шаарында жайгашкан, борбордо АКШ-Мексика чек арасы аркылуу АКШга мыйзамсыз киргендиги үчүн АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматы тарабынан кармалган чет элдик жарандар жайгашкан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK