КР Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев «Vapisa» компаниясынын директору Ким Джэ Хён мырза менен жолугуп КРнын жарандарын «Samsung» заводдоруна ишке орноштуруу маселелерин талкуулады

225

КРнын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу телефон аркылуу бир катар консультациялардын жана Башкы консул Б.Борбиев менен кореялык Vapisa компаниясынын директору К.Ж.Хъюн мырза менен жолугушуунун жыйынтыгында КРнын жарандарын АКШда жайгашкан Samsung заводдоруна ишке орноштуруу маселеси боюнча алдын ала макулдашууларга жетишилгенин билдирет.

Башкы консул Борбиев АКШда жайгашкан Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу жаатында кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Эки тарап тең бул жаатта кызматташууга терең кызыкдар экенин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында аткарылган иштерге өз ара канааттануу билдирилди жана бул багытта эки тарапка тең пайдалуу натыйжаларга жетишүү үчүн диалогду улантуу ниети айтылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK