Башкы консулдуктун маалыматтык билдирүүсү

195

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын           26-декабрындагы "2024-жылы майрам күндөрүн жылдыруу жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасында 2024-жылдын 1-5-май күндөрү жумушчу эмес күндөр болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, 2024-жылдын 1-5-майында Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу жарандарды кабыл албай турганын билдиребиз.

Ошону менен бирге, Башкы консулдукта тез арада юридикалык жана консулдук жардам алууну талап кылган оор кырдаалга туш болгон учурларда мекендештердин кайрылууларын өз убагында жооп берүү максатында: ыкчам +1 312 929 3442 жана жумушчу +1 312 994 2416 телефондору иштейт.

Башкы консулдукка барууну башка даталарга пландаштырууну өтүнөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK