Документтерди мыйзамдаштыруу

Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттары 1961-жылдагы чет элдик мамлекеттик документтерди мыйзамдаштыруу талабын жокко чыгарган Гаага конвенциясынын катышуучулары болот. Кыргыз Республикасынын документтери Американынын аймагында колдонулган учурда документтин түрүнө жараша Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына кайрылуу зарыл (толук маалыматты Юстиция министрлигинин сайтынан тапса болот http://minjust.gov.kg/ru/section/view/id/21.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан берилген расмий документтерге "апостиль" коюуга ыйгарым укуктарга ээ эмес.

Америка Кошмо Штаттарынын аймагында берилген жана АКШнын тиешелүү расмий органдары тарабынан апостил коюлган документтер Кыргыз Республикасынын аймагында таанылат.

АКШда документтерге документти чыгарган мамлекеттин катчылыгы апостиль коюшат. Бул сиздин туулгандыгы тууралуу күбөлүк Иллинойс штатында берилген болсо, анда туулгандыгы тууралуу күбөлүктөгү апостиль Иллинойс штатында да алынышы керек экендигини билдирет.