Кызмат

1. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту (ID-карта) тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеси:

           - алмаштырылып жаткан паспорт (жоголгон учурда - жоголгон паспорттун көчүрмөсү (болсо);

          - туулгандыгы тууралуу күбөлүк (болсо);

          - электрондук форматта ак фондо 4*6 сүрөт;

          - аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда);

          - никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда);

          - жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда);

      - арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызы, анда кайсыл жерде, качан жана кандай жагдайлардан улам паспорттун жоголгондугу көрсөтүлөт (паспорт жоголгон учурда - Башкы консулдукта толтурулат).

          Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн документтердин бири Америка Кошмо Штаттарынын компетенттүү органдары тарабынан берилген болсо, анда апостиль коюу жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн кыргыз же орус тилдерине котормосу талап кылынат («Документтерди мыйзамдаштыруу» бөлүмүн караңыз).

 

1.1. 16 жашка толгондо:

туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

- ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси болбогон учурда) паспорттору.

Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн документтердин бири Америка Кошмо Штаттарынын компетенттүү органдары тарабынан берилген болсо, анда апостиль коюу жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн кыргыз же орус тилдерине котормосу талап кылынат («Документтерди мыйзамдаштыруу» бөлүмүн караңыз).

 

          2. Жалпы жарандык паспортту (эл аралык паспорт/загранпаспорт) тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеси

          - алмаштырылып жаткан жалпы жарандык паспорт (жоголгон учурда - жоголгон паспорттун көчүрмөсү (болсо);

          - туулгандыгы тууралуу күбөлүк (болсо);

          - электрондук форматта ак фондо 4*6 сүрөт;

          - аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда);

          - никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда);

          - жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда);

         - арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө арызы, анда кайсыл жерде, качан жана кандай жагдайлардан улам паспорттун жоголгондугу көрсөтүлөт (паспорт жоголгон учурда - Башкы консулдукта толтурулат).

         Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн документтердин бири Америка Кошмо Штаттарынын компетенттүү органдары тарабынан берилген болсо, анда апостиль коюу жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн кыргыз же орус тилдерине котормосу талап кылынат («Документтерди мыйзамдаштыруу» бөлүмүн караңыз).

 

         2.1. 16 жашка  чыга элек адамдар үчүн:

         - туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

     - ата-энесинин же ата-энесинин биринин (эгерде ата-энеси жалгыз болсо же ата-энесинин бирин ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими болсо же ата-энесинин биринин өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк болсо же ата-энесинин биринин эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан учурда же ата-энесинин бири издөөдө жүргөндө) же 16 жашка чыга элек адамдын башка мыйзамдуу өкүлдөрүн паспорттору;

         - электрондук форматта ак фондо 4*6 сүрөт;

     - ата-энеси же ата-энесинин бири (экинчи пунктта көрсөтүлгөн учурларда) тарабынан толтурулган жана кол коюлган арыз - Башкы консулдукта толтурулат.  

         Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн документтердин бири Америка Кошмо Штаттарынын компетенттүү органдары тарабынан берилген болсо, анда апостиль коюу жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн кыргыз же орус тилдерине котормосу талап кылынат («Документтерди мыйзамдаштыруу» бөлүмүн караңыз).

 

3. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА КАЙТЫП КЕЛҮҮГӨ КҮБӨЛҮК

Эгерде Россия Федерациясынын аймагында Кыргыз Республикасынын жараны паспортун жоготкон болсо / паспортунун жарактуулук мөөнөтү бүтсө же паспорту жараксыз болуп калса, анда ага Кыргыз Республикасына кайтуу кубөлүгү берилиши мүмкүн.

Ошондой эле күбөлүк паспорту жок 18 жашка чыга элек адамдарга берилиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүгүн алуу үчүн керектүү документтер:

а) Паспорт жоголгон учурда:

  • жоголгон паспортунун көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк (же аскердик билет);
  • Россия Федерациясынын компетенттүү органдары тарабынан берилген, паспорту жоголгондугу боюнча арыз берүүчүнүн кайрылуу фактысын тастыктоочу документ (протокол, маалым-кат ж.б.).

Маанилүү:  паспорту жоголгондугу боюнча арыз берүүчүнүн кайрылуу фактысын тастыктоочу документ берүү мүмкүн эмес болгон учурда арыз ээси паспорттун жоголуусунун бардык жагдайларын жана себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кеңири түшүндүрмө берет.

б) Паспорт жараксыз болгон учурда:

  • жараксыз болгон паспорт.

в) Паспорттун жарактуулук мөөнөтү бүткөн учурда:

  • колдонуу мөөнөтү бүткөн паспорт.

г) 18 жашка чыга элек арыз ээсине тариздөө учурунда:

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (түп нускасы);
  • Ата-энесинин паспортторунун түп нускалары;
  • Ата-энесинин нике күбөлүгү же аталыгын тастыктоочу күбөлүк;
  • Баланын 3,5×4,5см өлчөмүндөгү түстүү сүрөтү (баланын өзүн алып келүү кажет эмес);
  • *Ата-энесинин бири чет өлкөлүк жаран болсо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга жана Кыргыз Республикасына кайтуу кубөлүгүн тариздөөгө нотариус аркылуу таризделген расмий макулдугу керек болот.

Төлөм Россия Федерациясынын Борбордук банкынын төлөм күнүнө карата курсу боюнча орус рублинде жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн алынган күндөн тартып колдонуу мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт.

Күбөлүк Кыргызстанга кайтуу үчүн гана жарактуу.

 

4. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮКТӨРҮН АЛМАШТЫРУУ

Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу үчүн милдеттүү талап - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу каттоонун болушу.

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:

  1. айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү аяктаганда;
  2. айдоочулук күбөлүктө камтылган ээсинин жеке маалыматтары өзгөргөндө;
  3. айдоочулук күбөлүк эскиргендиктен же бузулгандыктан пайдаланууга жарамсыз болуп калса;
  4. айдоочулук күбөлүктү жоготкондо.

Кыргыз Республикасынын мурда берилген улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

  1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (идентификациялык картасы же жалпы жарандык паспорту);
  2. Россия Федерациясынын медициналык мекемеси тарабынан берилген, алган датасы 12 айдан ашпоого тийиш болгон медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык экспертиза, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү) (форма 003-В/У);
  3. Алмаштырылууга туура келген Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү;
  4. Айдоочуларды даярдоого катышкан билим берүү уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (бар болсо көрсөтүлөт);
  5. Айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген жеке айдоочу картасы (бар болсо көрсөтүлөт).

Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгүн жоготкон учурда төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (идентификациялык картасы же жалпы жарандык паспорту);
  2. Россия Федерациясынын медициналык мекемеси тарабынан берилген, алган датасы 12 айдан ашпоого тийиш болгон медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык экспертиза, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү) (форма 003-В/У);
  3. Айдоочуларды даярдоого катышкан билим берүү уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (бар болсо көрсөтүлөт);
  4. Айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген жеке айдоочу картасы (бар болсо көрсөтүлөт).  

Арыз ээсинин жеке маалыматтарын (фамилиясын/атын/атасынын атын) өзгөртүүдө аты-жөнүн өзгөртүү же нике тууралуу күбөлүктүн түп нускасы талап кылынат.

Көңүл буруңуздар! Консулдук кызматтар үчүн төлөмдөрдү банктык карталар менен төлөө сунушталат.

5. МЕКЕН-КАРТ МЕКЕНДЕШТИН СТАТУСУ

Мекен-карт- чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ырастаган мамлекеттик маанидеги документ болуп саналган чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документи.

Бул статус Кыргыз Республикасынын аймагына жөнөкөйлөштүрүлгөн түрдө кирүү, чыгуу, транзиттик жүрүү үчүн төмөнкүлөргө багытталган:

  1. мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн;
  2. алгачкы Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгына  карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн;
  3. алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын жаранынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн;
  4. Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн.

Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарына Мекен- карт берилбейт.

Бул документ чет өлкөлүк жарандын жарактуу паспорту болгондо гана жарактуу болуп саналат.

Чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендеш статусун берүү үчүн жалпы тартипте зарыл болгон документтердин тизмеги (60 күндүк кароо):

  1. арыз;
  2. чет өлкөлүк жарандын паспорту;
  3. чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
  4. Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
  5. Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
  6. консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда).

Жогоруда аталган документтерге кошумча катары төмөнкү документтер берилет:

а) мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ;

б) алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер);

- мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ;

в) алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер);

- Кыргыз Республикасынын жаранынын (атасынын же энесинин, чоң атасынын же чоң энесинин) паспорту жана анын көчүрмөсү;

г) Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн:

- Кыргыз ССРинин аймагында берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү;

- Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандардын балдары же неберелери үчүн алардын туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу документ).

Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте (30 күндүк кароо):

  1. - арыз;
  2. чет өлкөлүк жарандын паспорту;
  3. чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
  4. Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөгөндүгүн ырастаган квитанция;
  5. консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда).

Жарактуулугу: Мекен-карт 10 жылга жарактуу.

Эскертүү:Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып токсон жумуш күндүн ичинде барган жериндеги аймактык бөлүктөрдөн каттоодон өтүүгө милдеттүү.

Эгерде жашаган жери 30 календардык күндөн ашык убакытка өзгөрүлсө, анда чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандар жаңы барган жеринде каттоого туруу жөнүндө арыз менен кайсы болбосун аймактык бөлүккө кайрылууга милдеттүү.

6. Жарандык ал-абалдын актыларын каттоо (ЗАГС)

АКШ аймагында жашаган, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Башкы консулдук жарандык ал-абалдын актыларын жазуу (ЗАГС) жана каттоо боюнча иш жүргүзөт:

  1. Туулгандыгы жөнүндө актысын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү.
  2. Никелешүүгө тургандыгы жөнүндө актысын каттоо жана никелешүү күбөлүгүн берүү.
  3. Өлгөндүгү тууралуу актысын каттоо жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берүү.
  4. Никени бузуу актысын каттоо (компетенция чегинде) жана никени бузуу күбөлүгүн берүү.
  5. Аты жөнү алмаштыруу боюнча актысын каттоо (компетенция чегинде).

1. ТУУЛГАНДЫГЫ ТУУРАЛУ АКТЫСЫН КАТТОО.

Баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктү алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын жарандары болгон ата-энеси (же ата-энесинин бирөөсү Кыргыз Республикасынын жараны болсо) консулдук бөлүмгө төмөнкү документтерди жөнөтүүсү зарыл:

  1. Баланын төрөлгөндүгүн каттоо жана күбөлүгүн берүү боюнча ата–энесинин бирге жазган кайрылуу арызы.
  2. Туулгандыгы тууралу актысынын формасы
  3. АКШнын төрөлгөндүгү тууралуу клиникадан тастыктама/маалымкат, документти берген штат тарабынан апостиль менен тастыкталышы зарыл (расмий же мамлекеттик тилине котормосу менен). Штаттардагы мамлекет катчыларынын офистери тууралуу маалыматты  кийинки шилтемеден тапсаңыздар болот: www.statelocalgov.net/50states—secretary—state.cfm.
  4. Ата-энесинин өздүгүн ырастаган документтер (паспорттору менен консулдук каттоодо тургандыгы тууралу белгилеринин көчүрмөсү) жана Кыргыз Республикасынын ички паспортторунун (ID карта) көчүрмөсү. Консулдук каттоого туруу эрежесин тиешелүү бөлүмдөн таба аласыздар. Ата-энесинин бири башка өлкөнүн жараны болгон учурда, анын балага Кыргыз Республикасынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуусуна кат түрүндө жазылган макулдугу жана паспортунун келген өлкөнүн нотариалдык кызматы тарабынан тастыкталган көчүрмөсү талап кылынат.
  5. Ата–энесинин Кыргыз Республикасынан алган никелешүү тууралу күбөлүк. Никелешүү сертификаты чет өлкөдөн алынган учурда, анын нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү (расмий же мамлекеттик тилине котормосу менен).
  6. Бир 2х2 дюйм (inches) өлчөмүндөгү баланын сүрөтү.

2. НИКЕГЕ ТУРУУ АКТЫСЫН КАТТОО.

Консулдук бөлүм никеге туруп жаткан кайрылуучулардын өздүк катышуусу менен төмөнкү документтерди сунуштаганда гана никеге туруу актысын каттай алат:

  1. Никеге туруп жаткан кайрылуучулардын консулдук бөлүмдүн наамына бирге жазган арызы. 
  2. Никеге туруп жаткандардын өздүгүн ырастаган документтер.
  3. ЗАГСтан алынган жарандык ал-абал тууралу справка: кайрылуучулардын бойдок, күйөөгө тийбеген же үйлөнбөгөнүн көрсөткөн документ. Буга чейин никеге турган болсо, никени бузуу күбөлүгүнүн нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү.
  4. Үйлөнүп жаткандардын бирөөсү/экөө тең жашы жетиле элек болгон учурда (18 жашка чейин), тарбиялап кам көргөн кишилердин (опекун) уруксат кагазы.
  5. Ар бир кайрылуучунун бирден 2х2 дюйм (inches) өлчөмүндөгү сүрөттөрү.

Эскертүү: Никеге туруу актысын каттоо жана никеге туруу күбөлүгүн тапшыруунун мөөнөтү, эки тараптын арызы тапшырылган күндөн баштап – бир ай.

3. ӨЛГӨНДҮГҮ ТУУРАЛУ АКТЫСЫН КАТТОО МЕНЕН ӨЛГӨНДҮГҮ ТУУРАЛУ КҮБӨЛҮКТҮ БЕРҮҮ:

АКШ аймагында өлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын өлүмүн актысын каттоо үчүн төмөнкү документтер керек:

  1. Өлгөн адамдын өлгөндүгү тууралу күбөлүктү алуу үчүн кайрылууну жазганга укугу бар жакын адамдын (тууганы, таанышы, достору ж.б.у.с.) арызы.
  2. АКШ аймагында өлгөн адамдын Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту (кайра кайтарылып берилбейт). Паспорт өлгөндүгү тууралуу актысы менен Кыргызстанга жөнөтүлөт.
  3. АКШ өлүм фактысын каттаган тиешелүү органдарынын Өлүмдү каттоо сертификаты (же наториалдык тастыкталган көчүрмөсү).
  4. Арызды жазган адамдын паспортунун көчүрмөсү.

4. НИКЕНИ БУЗУУ ЖӨНҮНДӨГҮ АКТЫНЫ КАТТОО (компетенция чегинде).

  1. Никени бузуу жаткан кайрылуучулардын бирге жазган арызы. 
  2. Эки тараптын никени бузуу тууралу бирге жазган арызы. Арызда ар бир арыздануучунун аты-жөнү, туулган күн/ай/жылы жана жери, жарандыгы, жашаган жери, паспорттук маалыматтары так көрсөтүлүшү керек. Ошондой эле арызда өз эрк калоолору менен ажырашып жатканын, бири бирине мүлктөр жана балдар тууралу талашы жок экенин так көргөзүшү керек.
  3. Никени бузуп жаткан кайрылуучулардын өздүгүн ырастаган документтер.
  4. Никеге туруу күбөлүгү (кайра кайтарылып берилбейт). Бул документ Кыргыз Республикасынын ЗАГС органдарына никени бузуу актысы менен чогуу жөнөтүлөт.

5. АТЫ-ЖӨНҮН АЛМАШТЫРУУ БОЮНЧА АКТЫСЫН КАТТОО (компетенция чегинде).

Кыргыз Республикасынын жарандарынын фамилия, аты-жөнүн алмаштыруу боюнча актысы, 16 жашка жеткен жарандардын арызынын негизинде катталат. 16 жашка жете электердин атын, берилүүчү фамилиясын, атасынын атын фамилияга алмаштыруу же атасынын атын алмаштыруу боюнча актысы ата-энесинин (же биринин) бирге жазган арызы менен төмөнкү документтердин негизинде гана катталат:

  1. Арыз.
  2. Паспорт менен консулдук каттоодо тургандыгы тууралу белгисинин көчүрмөсү.
  3. Кайрылуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.
  4. Никеге тургандыгы тууралу күбөлүгү (эгер кайрылуучу никеде турса).
  5. Жашы жете элек балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (эгер кайрылуучунун жашы жетелек балдары болсо).
  6. Аталыгын аныктаган күбөлүк (эгер кайрылуучунун ЗАГСтан аталыгын аныктаган күбөлүгү болсо).
  7. Мурун фамилия, аты-жөнүн өзгөрткөн болсо, фамилия, аты-жөнүн өзгөрткөндөгү тууралу күбөлүгү.
  8. АКШ аймагында жүрүүгө уруксат берген документтин нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү.
  9. Арыз ээси никеге турганга чейинки фамилиясын никесин бузууга байланыштуу кайтаргысы келген учурда, никени бузуу тууралу күбөлүгү.
     

Эскертүү: Фамилия жана аты-жөнүн алмаштырууга төмөнкү учурларда уруксат берилет:

1. Фамилиянын, атасынын атынын жана өз атынын угулушу жагымсыз учурда, же аталышы татаал болсо.

2. Жарандык ал-абалдын ар кайсы каттоолорунда аты-жөнү бири бирине ылайык келбеген учурларда документтердин баардыгын иретке келтирүү максаты болсо.

3. Никелешкендердин бири экинчисинин фамилиясын алгысы келсе, бирок никеге туруп жаткан учурда өз фамилиясында калган болсо.

4. Өзүнүн никеге турганга чейинки фамилиясын кайтарып алгысы келсе.

5. Өзүнүн никеге турганга чейинки фамилиясын кайтарып алгысы келсе, бирок никени бузуу актысы катталган учурда бул маселе менен кайрылбаса.

6. Нике бузула элек мезгилинде эле, никеге турганга чейинки өз фамилиясын кайтаргысы келип, биринчи никедеги балдары менен кошо бир фамилияда болууну кааласа.

7. Эгер күйөөсү көз жумган болсо, балдары менен чогуу бир фамилияда болгусу келсе.

8. Эгер тарбиялоого ата-эненин бирөөсү катышпаса, тарбиялангандын фамилиясын алгысы келсе.

9. Эгерде өз атасы тарбиялоого каралашпай жана уул кылып багып алган багып алганын мыйзамдаштыра албаган мезгилде өз калоосу менен өгөй атанын (эненин) же тарбиялаган инсандын фамилиясын, атасынын атын алгысы келсе.

10. Арыздануучуну тарбиялаган чоң-ата, чоң-эне же башка инсандар болуп, алардын атын алып жүрүү калоосу болсо, эгер ата-энеси кайрылуучунун тарбиясына катышпаса, бала кылып багып алуу укугуна ээ болуу мүмкүн эмес болсо.

11. Фамилиясын, атын, атасынын атын, улутка тиешелүү салттык таанымда өзгөртүүгө өз калоосу болсо.

12. Кыргыз улуттук салты менен жазылган «кызы» жана «уулу» сөздөрүнүн ордуна, жалпы колдонулган аягы «-ов», «-ев», «-ова», «-ева» сөздөрү менен бүткөн фамилияга алмаштырууну кааласа.

13. Атасынын, чоң атасынын аттарынан куралган фамилияны алып жүргүсү келсе.