Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу иштеп баштады

2944

Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле АКШда Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызматтарды көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыгы менен АКШнын Чикаго шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу (мындан ары - Башкы консулдук) түзүлгөн.

Зарыл ченемдик-укуктук базаны түзүүгө багытталган тиешелүү иштер, ошондой эле башка уюштуруу маселелери аяктады.

Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштады:

100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610.

Телефон: 312 994 2416

Танымсыз байланыш: 312 929 3442 (өзгөчө кырдаалдарда 24/7)

Email: kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg

Башкы консулдуктан жөө аралыкта метро станциялары, аялдамалар, ошондой эле бир нече унаа токтотуучу жайлар жайгашкан.

Башкы консулдуктун консулдук округуна АКШнын төмөнкү 31 штаты кирет: Айдахо, Айова, Аризона, Арканзас, Вайоминг, Вашингтон, Висконсин, Гавайи, Иллинойс, Индиана, Калифорния, Канзас, Кентукки, Колорадо, Луизиана, Миннесота, Миссисипи, Миссури, Мичиган, Монтана, Небраска, Невада, Нью-Мексико, Огайо, Оклахома, Орегон, Түндүк Дакота, Теннесси, Техас, Түштүк Дакота, Юта.

АКШда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген консулдук кызматтардын бардык түрлөрү боюнча Башкы консулдукка кайрыла алышат.

Консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн жарандарды кабыл алуу иш күндөрү (дүйшөмбү-жума) күн сайын саат 09.00дөн 12.30га чейин жана 13.30дан 15.00гө чейин жүргүзүлөт.

Даяр документтерди берүү күн сайын иш күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 15.00дөн 18.00гө чейин жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK