Башкы консул Б.Борбиевдин Азия-Америка Укук коргоо Ассоциациясынын Президенти Г.Лэй менен жолугушуусу болуп өттү

244

2023-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен Башкы консул Болотбек Борбиевдин Азия-Америка Укук коргоо Ассоциациясынын Президенти Генри Лэй менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Чикаго шаарынын полициясы жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда АКШда жашаган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча акысыз семинарларды уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Иллинойс штатында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын санын эске алуу менен мындай семинарларды системалуу негизде уюштуруу макулдашылды.

Кыргыз тараптын демилгеси Кыргыз Республикасынын жарандарынын миграция жана мыйзамдуу ишке орношуу маселелери боюнча маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатууга, билбегендиктеринен улам жергиликтүү мыйзамдарды бузуусунун алдын алууга, ошондой эле укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мүмкүн болуучу бузуулардын алдын ала турган туруктуу механизм болуп калууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы консулдук Иллинойс штатынын Башкы прокуратурасы менен ушундай семинарларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилген.

Биринчи семинар 2023-жылдын 16-ноябрында саат 17.00дө “Kyrgyz Community Center” кыргыз коомдук борборунда өткөрүлөт. Башкы консулдук КР жарандарын онлайн режиминде дагы чыга турган бул семинарга активдүү катышууга чакырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK