Башкы консул Б.Борбиевдин Чикаго университетинин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү

283

ыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы билим берүү тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүдө олуттуу кадам жасалганын билдирет.

Бир катар жолугушуулардын жана консультациялардын жыйынтыгы боюнча билим берүү тармагындагы дүйнөлүк лидерлердин бири – Чикаго университети менен кызматташууну баштоо боюнча макулдашууларга жетишилди.

КРнын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Б.Борбиев өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарында билим берүү өзгөчө орунду ээлей турганына токтолуп, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен жаштардын келечегине билим берүү аркылуу инвестициялоонун маанилүүлүгүн белгилеп, “Эл үмүтү” стипендиясы түзүлгөнүн белгиледи.

Билим жана илим Кыргызстан үчүн инсандын өнүгүүсүн гана эмес, жалпы мамлекеттин келечегин аныктоочу стратегиялык ролду ойнойт. Бул демилге билим берүү тармагын колдоого жана өнүктүрүүгө, ошондой эле глобалдык чакырыктарды натыйжалуу жеңүүгө жөндөмдүү жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого багытталат.

Чикаго университетинин өкүлдөрү Кыргызстандын университеттери менен кызматташууну баштоого даяр экендиктерин билдиришти. Дүйнөдөгү ТОП 15 мыкты университеттердин бири болгон Чикаго университети Кыргызстандын билим берүү мекемелери менен байланышты тереңдетүүгө болгон умтулуусу эки өлкөнүн студенттери үчүн жаңы перспективаларды ачат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK