КР Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев Түркияда жарыяланган аза күтүү жумасына байланыштуу көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

455

2023-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев Түркия Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунда барып, Түркияда жарыяланган аза күтүү жумасына байланыштуу көңүл айтуу китебине жазуу калтырып, жер титирөөнүн кесепетинен болгон көптөгөн курмандыктар жана кыйроолор тууралуу бир тууган элге жана курман болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев түрк эли үчүн ушундай оор мезгилде Башкы консулдукка Кыргыз Республикасынын жарандарынан түрк элине жардам көрсөтүү маселеси боюнча кайрылуулар түшүп жатканын белгиледи.

Түркиянын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Энгин Түресин Болотбек Борбиевге көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Түркияга гуманитардык жардам жөнөтүүгө багытталган иштер менен тааныштырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK