Башкы консул Б.Борбиев менен Техас штатынын Хьюстон шаарындагы Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуусу

392

2024-жылдын 10-февралында Техас штатынын Хьюстон шаарында Башкы консул Б.Борбиев менен Хьюстон шаарындагы диаспора өкүлдөрү, активисттер жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жолугушуусу болуп өттү. 
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Башкы консулдуктун жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, экономикалык дипломатия жаатындагы иши, Башкы консулдуктун үстүбүздөгү жылдагы демилгелери жана долбоорлору менен таанышып, жана ошондой эле алардын бардык суроолоруна жооп алышты. 
Башкы консул Хьюстондогу кыргыз диаспорасы менен байланышты чыңдоого даяр экенин, алардын активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мекендештерди колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Бул жолугушуу Башкы консулдуктун демилгеси менен АКШнын Иммиграция жана Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүү, ошондой эле Мексика аркылуу АКШга кирген чет элдик жарандарды Убактылуу кармоочу жайларды көрүү үчүн Техас жана Калифорния штаттарына иш сапарынын алкагында болду.
 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK