КРнын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу АКШнын Техас штатындагы Чек ара кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

258

2024-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу АКШнын Техас штатындагы Чек ара кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Бул жолугушуу терең өз ара аракеттенүү, маалымат алмашуу миграция жана консулдук маселелерге байланышкан суроолорду талкуулоо максатында өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Башкы консулдуктун өкүлдөрү миграция алкагында Кыргызстандын жарандары дуушар болуп жаткан учурдагы кырдаалдар жана кыйынчылыктар тууралуу маалымат алмашып, ошондой эле Мексика аркылуу АКШга кирген мекендештердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелерин талкуулашты.

Башкы консул Б.Борбиев АКШнын Техас штатынын Чек ара кызматынын өкүлдөрүнө берген маалыматы үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK