КРнын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу АКШнын Калифорния штатындагы Чек ара кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

310

2024-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу АКШнын Калифорния штатындагы Чек ара кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуу кызматташтыкты түзүү жана мындан ары бекемдөө, маалымат алмашуу жана миграция маселелерин талкуулоо максатында өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы консулдуктун өкүлдөрү миграциянын алкагындагы Кыргызстандын жарандары дуушар болуп жаткан учурдагы абалды жана көйгөйлөрдү талкуулашты. Ошондой эле Мексика аркылуу АКШга кирген мекендештердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери каралды.

Башкы консул Б.Борбиев АКШнын Калифорния штатынын Чек ара кызматынын өкүлдөрүнө берген маалыматы үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK