Чикагодо Кыргызстандын маданий-соода көргөзмөсү ачылат

498

КРнын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси жана 4 кыргыз компания менен биргелешкен ишинин жыйынтыгы боюнча Кыргызстан, Чикаго шаарындагы 80ден ашуун чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ичинен "Маданий көргөзмөлөр" сынагынын 3 жеңүүчүсүнүн бири болду.

КРнын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев Чикагодогу кыргыз бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен мындан аркы уюштуруу иш-чараларын талкуулоонун жүрүшүндө, бул жеңиш эл аралык аренада кыргыз бизнесинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, ошондой эле АКШда Кыргызстандын туристтик жагымдуулугун тастыктайт деп белгиледи.

Бул долбоордун алкагында Чикагонун борборунан кыргыз компанияларга Кыргызстандын маданий-соода көргөзмөсүн ачыш үчүн атайын жай берилип, анда Кыргызстанда өндүрүлгөн продукция гана сатыкка коюлат, ошондой эле кыргыз улуттук бийинин жана музыкасынын кечелери, кыргыз улуттук кийимдеринин дефилеси, сүрөт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү сыяктуу бир катар маданий иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган.

 Чикаго шаарындагы туристтик агымды эске алуу менен, бул долбоор кыргыз продукциясынын АКШга экспортун көбөйтүүгө, Кыргызстандын таанылышын, анын туристтик потенциалын жана маданиятын жайылтууга, ошондой эле кыргыз бизнесмендери үчүн стартап мүмкүндүгүн берет.

Бул долбоор Чикаго шаарынын мэриясынын колдоосу менен "World Business Chicago" мамлекеттик-жеке өнөктөштүгү тарабынан коронавирустун айынан жабыркаган чакан бизнести колдоо боюнча жардам программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK